Мамлекеттик катчы кыргызстандыктарды Ак калпак күнү менен куттуктады

05.03.2026 | 10:21

Мамлекеттик катчы Арслан Койчиев кыргызстандыктарды 5-март – Ак калпак жана улуттук кийим күнү менен куттуктады.

Мамлекеттик катчы өз куттуктоосунда ак калпакты элдин тарыхый эс тутумунун жана улуттук биримдигинин символу катары белгиледи. Ошондой эле улуттук кийим элдин маданиятын жана дүйнө таанымын чагылдырарын кошумчалады.

“Глобалдашуу доорунда улуттук өзгөчөлүктү сактоо – мамлекеттик көз карандысыздыкты жана руханий эркиндикти сактоо дегенди билдирет. Заманбап өнүгүү жолунда ишенимдүү бара жатып, биз улуттук баалуулуктарыбызды, каада-салттарыбызды, эне тилибизди жана маданий мурасыбызды аяр сактап, өркүндөтүшүбүз керек”,- деди ал.

Ошондой эле Арслан Койчиев бул баалуулуктарды жаш муунга өткөрүп берүүнү ар бир үй-бүлөнүн, билим берүү мекемелеринин жана коомдун милдети катары атады.

“Ак калпак Ала-Тоонун бийиктигинин, улуулугунун жана элдин жан дүйнөсүнүн тазалыгынын символу болуп саналат. Аны кийген ар бир кыргыз жараны өз элинин тарыхын, маданиятын жана Мекен алдындагы жоопкерчилигин жүрөгүндө алып жүрөт”,- деди Койчиев.

Куттуктоонун соңунда мамлекеттик катчы өлкөдө тынчтык, биримдик жана ынтымак болушун каалады.

Scroll to Top