Бишкекте алгачкы жолу пион гүлүнүн дүйнөлүк конференциясы болуп өттү

05.03.2026 | 13:24

Бишкек шаарында «Пион гүлүнүн дүйнөлүк конференциясы – 2026» болуп өттү. Иш-чара Борбор Азия аймагында биринчи ирет уюштурулду.

Ага айыл чарба министри Эрлист Акунбеков жана Кытайдын Кыргызстандагы элчиси Лю Цзянпин катышты.

Конференция кытайлык «Heze Peony Water Group Co., Ltd.» компаниясы тарабынан уюштурулду. Анын негизги максаты — пион өстүрүү тармагында кызматташууну жолго коюу, өстүрүүнүн заманбап технологияларын колдонуу жана бул өсүмдүктүн негизиндеги продукцияларды кайра иштетүүнү өнүктүрүү болуп саналат.

Иш-чарада Айыл чарба өсүмдүктөрүн жана багбанчылыкты экспертизалоо департаменти менен «Heze Peony Water Group Co., Ltd.» компаниясынын ортосунда кызматташуу жана стратегиялык өнөктөштүк жөнүндө меморандумга кол коюлду.

Эске салсак, буга чейин Кыргызстан менен Кытай пион гүлүн өстүрүү жаатында кызматташары белгилүү болгон.

Scroll to Top