Өкмөт башчы Бишкек жана Чүйдөгү ооруканаларды текшерип, бир катар көйгөйлөрдү аныктады

Бүгүн, 5-мартта, Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Бишкек шаарындагы жана Чүй облусундагы бир катар медициналык мекемелердин абалы менен таанышып, курулуп жаткан имараттарды текшерди.
Адамдын репродукциясы боюнча илимий борбор
Алгач өкмөт башчы Адамдын репродукциясы боюнча кыргыз илимий борборуна барды. Ал жакта ага борбордун жаңы, заманбап имаратынын курулуш долбоору тааныштырылды. Жыйынтыгында Касымалиев долбоордук-сметалык документтерди тез арада бүтүрүү жана курулушту каржылоо булактарын аныктоо тапшырмасын берди.
Балдардын тез жардам ооруканасы
Андан кийин өкмөт башчы Бишкек шаардык медициналык тез жардам балдар клиникалык ооруканасына барып, анын жаңы имаратынын курулушу кечеңдеп жаткандыгын аныктады. Ал курулуш иштерин үстүбүздөгү жылдын июнь айына чейин толук бүтүрүү талабын койду.
№2 көп тармактуу клиникалык ооруканасы
Касымалиев бул мекемеге барып, анын айрым блокторунун курулушу 2022-жылы аяктаганы менен, медициналык жабдуулардын жоктугунан улам объекттер толук кандуу иштей электигин көрдү. Мындан улам Саламаттык сактоо жана Финансы министрликтерине оорукананы жабдуулар менен камсыздоо боюнча сунуштарды киргизүү жана үстүбүздөгү жылдын апрель айына чейин ишти толук бүтүрүү тапшырылды.
Чүй облустук бириккен ооруканасы
Мындаш тышкары өкмөт башчы Чүй облустук бириккен ооруканасына барды. Мекемеде жылына 18 миңге чейин бейтап дарыланып, 6 миңге жакын операция жасалат жана 6 миңге чейин төрөт кабыл алынат. Ал бардык кызматтарды бирдиктүү медициналык кластерге бириктирүү максатында оорукананын базасында жаңы имарат куруу маселесин иштеп чыгууну тапшырды.
Сапардын жыйынтыгында Касымалиев мамлекеттик органдарга жана Бишкек шаарынын мэриясына аныкталган материалдык-техникалык маселелерди тез арада чечүү боюнча тапшырмаларды берди.