Кыргызстанда биринчи жолу 3D-протездөө технологиясы ишке киргизилди

06.03.2026 | 11:51

Республикалык протездик-ортопедиялык буюмдар мекемесинде 3D-сканер жана 3D-принтердин бет ачары өттү. Француз өндүрүшүнөн чыккан бул жабдуулар республикалык бюджеттин эсебинен 45 миң 850 еврого сатылып алынды.

Эмгек министрлигинин маалыматында, протездөө тармагында 3D-технологияларды колдонуу КМШ мамлекеттеринин ичинен алгачкы ирет Кыргызстанда ишке ашырылууда. Санариптик жабдуулар протездерди даярдоонун тактыгын жогорулатууга, өлчөм алуу жана кийип көрүү жол-жоболорунун санын кыскартууга шарт түзөт. Бул кызмат алуучулардын реабилитация процессин жеңилдетет.

Учурда аталган мекеме 13 миңден ашык майыптыгы бар жаранды тейлейт. Алардын ичинен 1 396 адам бут протези, 443ү кол протези менен камсыздалган. Жалпысынан ишканада протездик-ортопедиялык буюмдардын 150дөн ашык түрү жекече тартипте даярдалат.

Scroll to Top