Жайылда жубайын жана уулун сабаган деп шектелип, 35 жаштагы жаран кармалды

Жайыл районунда 35 жаштагы эркек киши уулун жана жубайын сабоого шектелип кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук милициясы кабарлады.
4-мартта милицияга 37 жаштагы аял кайрылып, анын жарандык никедеги жолдошу Ю.Ф.га карата чара көрүүнү суранган. Арызда аял жолдошу ага физикалык жана психологиялык зомбулук көрсөткөнүн айткан.
Мындан тышкары, жолдошу алардын 18 жаштагы уулун башка уруп, натыйжада уулу эс-учун жоготконун билдирген. Дарыгерлер ага жабык баш мээ жаракаты, мээнин чайкалышы жана мурун сөөктөрүнүн сыныгы деген алдын ала диагноз коюшкан.
Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин “Үй-бүлөлүк зомбулук” беренеси менен кылмыш иши козголгон.
Шектүү катары 35 жаштагы Ю.Ф. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Учурда кылмыш иши боюнча экспертизалар дайындалып, тергөө иштери улантылууда.