Президент жол эрежесин бузгандардан жеринде тест алуу боюнча мыйзам долбоорду эмнеге артка чакыртканын түшүндүрдү

06.03.2026 | 13:24

Президент Садыр Жапаров жол эрежесин бузган айдоочулардан жеринде тест алууну караган мыйзам долбоорун Жогорку Кеңештен чакыртып алуунун себептерин түшүндүрдү. Ал бул тууралуу «Кабар» агенттигине берген маегинде айтты.

Мамлекет башчы мындай ыкма негизинен туура экенин, бирок аны киргизүү азырынча эрте болорун билдирди. Анын айтымында, мыйзам долбоорун артка кайтаруунун негизги себеби – МАИ кызматкерлеринин бул жараянга даяр эместиги.

«Биринчи кезекте МАИ кызматкерлеринин өздөрүн толук даярдап чыгышыбыз керек. Айрым МАИ кызматкерлери өздөрү жол эрежесин толук билбеген учурлар кездешет. Качан гана алар өздөрү даяр болгондо бул маселени кайрадан көтөрүшсө болот», — деди Садыр Жапаров.

Белгилей кетсек, Кыргызстандын Ички иштер министрлиги одоно жол эрежесин бузган айдоочулар үчүн Жол кыймылынын эрежелерин (ЖКЭ) билүү боюнча милдеттүү тестирлөөнү караган резонанстуу мыйзам долбоорун кайра чакыртып алган. Мындай тапшырманы мекемеге президент Садыр Жапаров бергени айтылган.

Scroll to Top