Садыр Жапаров Тогонун премьерин кабыл алды: африкалык республиканын өкмөт башчысы аскерлер менен кыргызча саламдашты

29.04.2026 | 10:57

29-апрелде Бишкек шаарында Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров менен өлкөгө расмий сапары менен келген Того Республикасынын Министрлер Кеңешинин төрагасы Фор Эссозимна Гнассингбени расмий тосуп алуу аземи өттү.

«Ынтымак Ордо» имаратынын алдында эки өлкөнүн мамлекеттик туулары илинген. Лидерлерди Ардак кароол жана этно-жоокерлер тосуп алып, Кыргызстан менен Тогонун мамлекеттик гимндери жаңырды. Рота командиринин рапортун кабыл алып, тизилген аскерлерди кыдырып чыккандан кийин тараптар мамлекеттик тууга таазим этишти.

Аземдин көңүл бурарлык учуру — Того өкмөтүнүн башчысынын аскер кызматкерлери менен «Салам аскер!» деп саламдашканы болду.

Андан соң лидерлер бири-бирине расмий делегациялардын курамдарын тааныштырышты, ал эми азем Ардак кароолдун салтанаттуу маршы менен аяктады. Биргелешип сүрөткө түшкөндөн кийин Жапаров менен Гнассингбе сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө бет алышты.

Scroll to Top