Мэрия: Жибек-Жолу проспектисиндеги көпүрөнүн ачылышы аба ырайына байланыштуу жылдырылдыОкумуштуулар тирүү жандыктын мээсин виртуалдык чөйрөдө толугу менен эмуляциялаштыБишкекте мектепке куралдуу кол салууну пландоого шектелип окуучу кармалдыАйрым ашууларда оор жүк ташуучу унааларга убактылуу чектөө киргизилдиКР Саламаттык сактоо министрлиги реанимация кызматын өнүктүрүү пландарын белгиледиЖибек-Жолу проспектисиндеги көпүрөнүн түндүк тарабы унаалар үчүн ачылат
Кыргызстандан мал ташып чыгууга убактылуу тыюу салынды
10.03.2026 | 09:55

Кыргызстандын өкмөтү айыл чарба жаныбарларын өлкө аймагынан ташып чыгууга убактылуу тыюу салды. Тиешелүү токтомго Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду.
Документке ылайык, ири мүйүздүү малды, жылкыларды, койлорду жана эчкилерди (ЕАЭБ ТЭИ ТН 0101, 0102, 0104 коддору) Кыргызстандын аймагынан ташып чыгууга алты айлык мөөнөткө убактылуу чектөө киргизилди.
Бул чечим өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу жана азык-түлүк товарларына болгон базар бааларын турукташтыруу максатында кабыл алынды.
Рубрики: Жаңылыктар, Экономика