Кыргызстанда рецидив түшүнүгү кайра киргизилет: кайталанма кылмыштар үчүн жаза катаалдайт
Жогорку Кенеш үчүнчү окууда рецидив түшүнүгүн мыйзамга кайра киргизген жана кайталанма кылмыш жасагандар үчүн жоопкерчиликти күчөткөн мыйзам долбоорун кабыл алды.
Документтин негизги максаты — өзгөчө уюшкан кылмыштуулукка байланышкан рецидивисттерге карата чараларды катаалдатуу. 2019-жылдан бери рецидив түшүнүгү мыйзамдан алынган, демилгечилердин пикиринде, бул кылмыштуу топтор менен күрөштү алсыраткан.
Эми рецидив деп мурда атайылап кылмыш жасап, эркинен ажыратуу жазасын өтөгөн адамдын кайрадан атайылап кылмыш жасоосу эсептелет.
Эмне өзгөрөт:
- Жаза катаалдайт. Рецидив болгон учурда жаза максималдуу мөөнөттүн жарымынан кем болбойт, кооптуу рецидивде — үчтөн экисинен, өзгөчө кооптуу рецидивде — төрттөн үч бөлүгүнөн кем эмес болот.
- Жеңилдетүү мүмкүнчүлүгү чектелет. Рецидивисттерге шарттуу мөөнөтүнөн мурда бошотуу жана пробация колдонулбайт.
- Жабырлануучу менен келишүү жетишсиз болот. Айрыкча кооптуу рецидив учурларында кылмыш жоопкерчилигинен бошотууга жол берилбейт.
- Рецидив оорлотуучу жагдай катары каралат. Бул сот өкүмүнүн катаалдашына таасир этет.
- Айрым оор кылмыштар үчүн жаза күчөйт. Каракчылык, талап-тоноо, зордуктоо, адам уурдоо жана башка кылмыштар рецидив менен жасалса, өзүнчө оор курам катары каралып, жаза катуураак болот.
Мындан тышкары, мыйзам долбоору айрым кылмыштар боюнча мүлктү конфискациялоону киргизет. Бул рейдерлик, ири өлчөмдө салык төлөөдөн качуу, экстремизмди каржылоо сыяктуу иштерге тиешелүү.
Дагы бир өзгөртүү — мамлекеттин коопсуздугун, коомдук тартипти жана жарандардын укуктарын коргоо максатында жасалган аракеттер кылмыш катары каралбай турганы такталат.
Демилгечилер бул өзгөртүүлөрдү кайталанма кылмыштуулуктун өсүшү менен түшүндүрүшөт. Алардын маалыматына ылайык, учурда катуу режимдеги колонияларда жазасын өтөп жаткандардын дээрлик 90%ы — мурда да кылмыш жасаган адамдар.