Кыргыз фондулук биржасында алгачкы ирет алтын сатылды — дээрлик 4 млн сомгоТрамп европалык жеңил жана жүк ташуучу унааларга 25 пайыздык бажы алымын киргизүүдөСадыр Жапаров ЖОЖдордо жана колледждерде окуу акысын жогорулатууга бир жылга тыюу салды2-май: Өлкө боюнча жамгыр жаап, күн күркүрөйтБишкекте Жеңиштин 81 жылдыгына арналган митинг-реквием өттүКыргызстанда юридикалык жактарды каттоо эрежелери жаңыртылды
Мэрия: Жибек-Жолу проспектисиндеги көпүрөнүн ачылышы аба ырайына байланыштуу жылдырылды
10.03.2026 | 11:54

Бишкектеги Жибек-Жолу проспектисиндеги көпүрөнүн түндүк тарабы аба ырайынын өзгөрүшүнө байланыштуу бүгүн, 10-мартта, ачылбайт. Анын ачылышы 15-мартка жылдырылды. Бул тууралуу шаар мэриясы билдирди.
Буга чейин мэрия аталган көпүрөнүн түндүк тарабы унаалар үчүн 10-мартта түштөн кийин ачыларын айткан эле.
Маалымтка ылайык, реконструкциядан кийин көпүрөнүн туурасы 9 метрден 13 метрге чейин кеңейтилди. Ал эми анын жалпы туурасы 34,3 метрди, узундугу 25 метрди түзөт.
Көпүрөнүн экинчи тарабы марттын аягына чейин пайдаланууга берүү пландалууда. Учурда реконструкция иштерин толук аяктоо боюнча жумуштар уланууда.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом