Kyrgyzstan Expo жана Expo Eurasia көргөзмөлөрү 15–17-октябрда «Жаштык Аренада» өтөтКараколдо «Открыткаларга түшпөгөн Кыргызстан» аттуу фотовыставка өтөтКыргызстанда башка айып пулдары бар болсо да эвакуацияланган унааларды кайтарып берүү сунушталуудаБишкекте «БишХолдер» эл аралык стол үстүндөгү ролдук оюндар фестивалы өтөтУлуттук банк чет өлкөлөрдөгү банктардын уставдык капиталына жаңы талаптарды сунуштады — долбоорШакира Бишкекке концертинен бир күн мурун, 17-октябрда учуп келет
Бишкекте Гоголь көчөсүнүн бир бөлүгү убактылуу жабылат
30.04.2026 | 15:18

Бүгүн, 30-апрелден тарта Бишкектин Гоголь көчөсүнүн бир бөлүгү унаа кыймылы үчүн убактылуу жабылды. Бул тууралуу шаар мэриясы кабарлады.
Чектөөлөр Гоголь көчөсүнүн Огонбаев көчөсүнөн Фрунзе көчөсүнө чейинки тилкесинде киргизилет. Бул чара аталган аймактагы жылуулук түйүнүн алмаштыруу үчүн жер казуу иштерине байланыштуу.
Буга чейин текшерүүнүн жүрүшүндө Фрунзе көчөсү менен Гоголь көчөсүндөгү №127 турак жайдын ортосундагы 1980-жылы орнотулган жылуулук түйүндөрү техникалык жактан жараксыз абалга келгени аныкталган. Түйүндөрдү жаңылоо иштери аталган көчөгө жаңы асфальт төшөө башталганга чейин аткарылат.
«Бишкекжылуулуктармагы» муниципалдык ишканасы шаар тургундарын жана конокторун жол жүрүү багыттарын алдын ала пландаштырууга чакырат.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом