Кыргызстандык окуучулар Стамбулда «Түрк дүйнөсүнүн балдар оюндары» фестивалына катышууда

Түркиянын Стамбул шаарында өтүп жаткан «Түрк дүйнөсүнүн балдар оюндары» эл аралык фестивалына Кыргызстандан окуучулар жана мугалимдер катышууда. Бул тууралуу Агартуу министрлиги билдирди.
Фестивалга ошондой эле Казакстан, Өзбекстан, Түркмөнстан, Түркия, Түндүк Кипр жана Азербайжандан балдар жана мугалимдер келген.
Фестивалда кыргызстандык делегация катышуучуларга «Боз үй куруу», «Чүкө оюндары», «Төө ашуу-Долон», «Тогуз коргоол» жана «Ак терек, көк терек» сыяктуу кыргыздын улуттук оюндарын тааныштырып, алардын тарыхы жана тарбиялык мааниси тууралуу айтып беришкен.
Фестивалдын максаты — түрк дүйнөсүнүн элдеринин ортосундагы достукту чыңдоо жана жаш муундарды биримдикке тарбиялоо. Иш-чаранын алкагында катышуучулар ар кайсы элдердин каада-салты менен таанышып, мугалимдер тажрыйба алмашуу мүмкүнчүлүгүн алышкан.