Бишкектеги №39 мектеп капиталдык оңдоодон кийин ачылды
10-мартта Бишкек шаарындагы №39 орто мектеп реконструкция жана капиталдык оңдоодон кийин пайдаланууга берилди. Иш-чарага Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев, Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү катышты.
1200 окуучуга ылайыкташкан мектептин үч кабаттуу окуу корпусу, жыйындар залы, китепканасы жана спорт залы жаңыланды. Жалпы аянты 6 580 чарчы метрди түзгөн имараттын жылытуу, суу менен камсыздоо жана жарыктандыруу тутумдары толук алмаштырылды.
Мектептин сырткы аймагында футбол, волейбол жана баскетбол аянтчалары, ошондой эле спорттук зоналар курулду. Долбоор министрликке караштуу “Кыргызкурулуш” мамлекеттик ишканасы тарабынан ишке ашырылды.
Бул билим берүү мекемесинин корпустары 1961 жана 1984-жылдары курулган. Объект пайдаланууга берилгенден бери биринчи жолу капиталдык оңдоодон өткөрүлдү.





