Кыргыз фондулук биржасында алгачкы ирет алтын сатылды — дээрлик 4 млн сомгоТрамп европалык жеңил жана жүк ташуучу унааларга 25 пайыздык бажы алымын киргизүүдөСадыр Жапаров ЖОЖдордо жана колледждерде окуу акысын жогорулатууга бир жылга тыюу салды2-май: Өлкө боюнча жамгыр жаап, күн күркүрөйтБишкекте Жеңиштин 81 жылдыгына арналган митинг-реквием өттүКыргызстанда юридикалык жактарды каттоо эрежелери жаңыртылды
Жогорку сот журналист Махабат Тажибек кызынын өкүмүн жокко чыгарып, ишти кайра кароого жөнөттү
10.03.2026 | 16:38
Кыргыз Республикасынын Жогорку соту журналист Махабат Тажибек кызына карата козголгон кылмыш иши боюнча буга чейин чыгарылган бардык соттук чечимдерди жокко чыгарды. Иш биринчи инстанциядагы сотко жаңыдан кароо үчүн жөнөтүлдү.
Махабат Тажибек кызы 2024-жылдын 16-январында камакка алынган. 2024-жылдын 10-октябрында Бишкектин Ленин райондук соту аны күнөөлүү деп таап, алты жылга эркинен ажыраткан. Кийинчерээк апелляциялык жана кассациялык инстанциялар бул өкүмдү күчүндө калтырышкан.
Өлкөнүн жогорку соттук органынын кийлигишүүсүнөн кийин мурунку бардык өкүмдөр жараксыз деп табылды. Эми журналисттин иши боюнча соттук териштирүү биринчи инстанциядагы сотто кайрадан башталат.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом