Бишкек мэрине кытайлык Geely электробустары көрсөтүлдү — алар шаардык каттамдарга чыгышы мүмкүнМинистрлер кабинети Бишкектин 2050-жылга чейинки башкы планын бекиттиЧүй облусунда райондук соттун жаңы имаратынын курулушу башталдыКыргызстандын айыл чарбасы биринчи чейректе дээрлик 3%га өстү25-апрелге карата аба ырайыКыргызстанда социалдык тармактын кызматкерлеринин айлыгы 100 миң сомго чейин көтөрүлдү — Орунбеков
Чек ара кызматында жаңы орун басарлар дайындалды
11.03.2026 | 09:56

Мамлекеттик чек ара кызматында кадрдык өзгөрүүлөр болду. Президенттин басма сөз кызматынын маалыматында, Марат Маралбаев УКМКнын Чек ара кызматынын жетекчисинин биринчи орун басары – Башкы штабдын начальниги кызматынан бошотулду. Анын ордуна аталган кызматтарга Мирзамир Сыдыков дайындалды.
Ошондой эле Данияр Сатимов жана Мансур Исаков Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасынын орун басарлары болуп дайындалышты.
Тиешелүү тескемелерге өлкө башчы Садыр Жапаров кол койду.
Эске салсак, ушул жылдын февралында президент Садыр Жапаров кол койгон жарлыктын негизинде Чек ара кызматы Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) курамынан чыгарылып, Мамлекеттик чек ара кызматы болуп кайра түзүлгөн.
Рубрики: Жаңылыктар, Саясат