Бишкекте Жеңиштин 81 жылдыгына арналган митинг-реквием өттүКыргызстанда юридикалык жактарды каттоо эрежелери жаңыртылдыБаткен облусунда жана Жалал-Абадда сел жүрдү: ондогон үйлөр жана социалдык объекттер жабыркадыАдылбек Касымалиев кыргызстандыктарды Эмгек күнү менен куттуктадыКыргызстандын хоккей боюнча өспүрүмдөр курамасы Индонезияны 17:1 эсебинде талкаладыМСК оңдоочу электрондук эсеп-фактураны жол-жоболоштуруу тартибин өзгөрттү
Ош шаарындагы Увам жана Жекелик каналдарынын кооптуу жээктери тосулат
13.03.2026 | 10:15

Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев Курманжан-Датка жана Манас-Ата муниципалдык аймактарындагы Увам жана Жекелик каналдарынын адам өмүрүнө кооптуу жээктерин тосуу тапшырмасын берди.
Шаардык мэриянын мааалыматында, 12-мартта мэр каналдардын абалы менен таанышып, аймакты иретке келтирүү тапшырмасын берген. Ошондой эле канал жээгинде жашаган тургундар менен жолугушуп, коопсуздук талаптарына ылайык иштер жүргүзүлөрүн билдирген.
Мындан тышкары, мэр тургундарды канал жээктерин мыйзамсыз ээлеп албоого чакырган. Мындай фактылар аныкталган учурда мыйзам чегинде чаралар көрүлөрүн эскерткен.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом