Кыргыз фондулук биржасында алгачкы ирет алтын сатылды — дээрлик 4 млн сомгоТрамп европалык жеңил жана жүк ташуучу унааларга 25 пайыздык бажы алымын киргизүүдөСадыр Жапаров ЖОЖдордо жана колледждерде окуу акысын жогорулатууга бир жылга тыюу салды2-май: Өлкө боюнча жамгыр жаап, күн күркүрөйтБишкекте Жеңиштин 81 жылдыгына арналган митинг-реквием өттүКыргызстанда юридикалык жактарды каттоо эрежелери жаңыртылды
Ысык-Көлгө куйган дарыяларга 582 миң форель чабактары коё берилди
13.03.2026 | 11:17

Балык өнөр жайы комплекси департаменти тарабынан Ысык-Көл жилингири (форель)балыгынын чабактарын көлгө куйган дарыяларга коё берилди.
Иш-чарага Тоң райондук мамлекеттик администрациясынын, Туристтик-экологиялык милициянын, Экологиялык техникалык көзөмөл кызматынын, Улуттук илимдер академиясынын Биология институтунун жана Ысык-Көл мамлекеттик коругунун өкүлдөрү катышты.
Көлдү балыктандыруу максатында жалпы 582 миң даана чабак төмөнкү дарыяларга коё берилди:
- Ак-Терек суусуна — 80 миң даана;
- Тоң суусуна — 150 миң даана;
- Кекилик суусуна — 50 миң даана;
- Тамга суусуна — 50 миң даана;
- Жети-Өгүз дарыясына — 50 миң даана;
- Каракол суусуна — 50 миң даана;
- Кара-Сууга — 32 миң даана;
- Жыргалаң дарыясына — 60 миң даана;
- Түп дарыясына — 60 миң даана.
Бул иш-чара балык ресурстарын калыбына келтирүү планынын алкагында жүзөгө ашырылды.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом