Өкмөт башчы Ысык-Көл облусундагы ооруканалардын абалы менен таанышты

Бүгүн, 13-мартта, Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Ысык-Көл облусундагы бир катар медициналык мекемелерди кыдырып, алардын абалынан кабар алды.
Өкмөт башчы алгач Каракол шаарындагы облустук бириккен ооруканага барды. Оорукананын негизги имараты 1968-жылы курулуп, 550 орунга ылайыкталган. Касымалиев реанимация жана хирургия бөлүмдөрүн көрүп, бар болгон жабдуулар жана бейтаптарды дарылоо шарттары менен таанышты.
Андан кийин курулушу 2024-жылы башталган 350 орундуу жаңы оорукананын имаратын көрдү. Сегиз блоктон турган бул объектти 2027-жылы бүтүрүү пландалууда. Адылбек Касымалиев курулушту өз убагында жана сапаттуу аяктоону, ошондой эле жаш дарыгерлерди ипотекалык программа аркылуу турак жай менен камсыздоо жана кызматтык үйлөрдү куруу маселесин иштеп чыгууну тапшырды.
Ошондой эле төрага Каракол шаарында курула турган эл аралык медициналык кластердин долбоору менен таанышты. Долбоордун баасы 150 млн долларды түзүп, ал 510 орунга ылайыкталат. Борбор жогорку технологиялуу медициналык кызматтарды көрсөтүүгө жана медициналык туризмди өнүктүрүүгө багытталып, 750 жаңы жумуш ордун түзүүгө мүмкүндүк берет.
Мындан тышкары, Адылбек Касымалиев 1894-жылы курулган чумага каршы бөлүмдүн жана 1897-жылы салынган облустук соттук-медициналык экспертиза бюросунун имараттарынын абалын текшерди. Төрага аталган мекемелер жайгашкан имараттар эскирип, авариялык абалда экенин белгиледи. Сапардын жыйынтыгында тиешелүү мамлекеттик органдарга бул мекемелер үчүн жаңы имараттарды куруу жана материалдык-техникалык базасын модернизациялоо боюнча тапшырмалар берилди.