Кыргызстандын товарлары Өзбекстандын рыногуна чыгууда: 500 миң долларлык экспорттук келишимге кол коюлду
12-мартта Өзбекстандын борбор калаасында маанилүү экспорттук макулдашууга кол коюлду. Ата мекендик «Алайку Органикс» ЖЧКсы өзбекстандык «Alaiku» ЖЧКсы менен 500 миң доллар суммасындагы келишим түздү.
Бул келишим Экономика жана коммерция министрлигинин Өзбекстандагы Соода өкүлчүлүгүнүн ишинин натыйжасы болду. Макулдашуу эки мамлекеттин ортосундагы экономикалык байланыштарды чыңдоодогу маанилүү кадам катары каралууда.
Компаниянын кошуна өлкөнүн рыногуна ийгиликтүү чыгышы үчүн Соода өкүлчүлүгү комплекстүү даярдык иштерин жүргүзгөн. Бул колдоонун алкагында кыргызстандык бизнеске төмөнкү маселелер боюнча көмөк көрсөтүлдү:
- Өзбекстандын аймагында юридикалык жакты каттоо;
- жергиликтүү рынокту талдоо жана ылайыктуу кампа жайларын издөө;
- Өзбекстан Республикасынын мамлекеттик органдары менен өз ара аракеттенүү маселелери боюнча кеңеш берүү.
Мындан тышкары, мекеме «Алайку Органикс» өкүлдөрү үчүн Өзбекстандын ири супермаркеттер тармактарынын жетекчилиги менен жумушчу жолугушууларды уюштуруп, продукцияны үзгүлтүксүз жеткирүү шарттарын талкуулашты.
Соода өкүлчүлүгү кыргыз товарларын тышкы рынокторго алга жылдыруу боюнча системалуу ишти уланта турганын жана ата мекендик өндүрүүчүлөргө экспортту кеңейтүүдө колдоо көрсөтөрүн баса белгиледи.