30-апрелге карата аба ырайыБишкектин тургундары үйлөрдүн жанында жүрүп жаткан кооптуу курулушка нараазыКыргызстан АПВга каршы эмдөө менен камтуу боюнча алдыңкы 10 өлкөнүн катарына кирдиБишкекте «Өлбөс полктун» каттамы бекитилди: Түштүк дарбазадан Жеңиш аянтына чейинБизнестеги айымдар: насаатчылык ишкер айымдарга кантип жардам беретДепутат мектептик тамактанууга бөлүнгөн каражатты 50 сомго чейин жогорулатууну сунуштады
ТИМ: Жакынкы Чыгыштагы кыргызстандыктарды эвакуациялоонун кезектеги этабы башталды
14.03.2026 | 13:32

Кувейт, Бахрейн жана Катардагы кыргызстандыктарды мекенине кайтаруу үчүн атайын эвакуациялык авиакаттам уюштурулууда. Бул тууралуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги билдирди.
Иштин биринчи этабында жарандардын тизмеси түзүлүп, визалар жана тийиштүү өлкөлөрдүн аймагынан чыгуу үчүн уруксаттар алынган. Андан кийин 13-мартта жарандар Эль-Кувейт, Манама жана Доха шаарларынан автобустар менен Сауд Арабиясынын Эр-Рияд шаарына жөнөтүлгөн. Учурда алар жолдо.
Тышкы иштер министрлиги эвакуация процесси аяктап, жарандар Кыргызстанга кайтып келгенден кийин кошумча маалымат берилерин билдирди.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом