Казакстандык эксперт Максим Крамаренко: Токаевдин долбоору элдин ишеним мандатын алды
15-мартта Казакстанда Конституциянын жаңы редакциясы боюнча жалпы улуттук референдум өттү. Референдумдун борбордук комиссиясынын маалыматы боюнча, шайлоочулардын келиши 73%дан ашты, ал эми реформаларды добуш бергендердин рекорддук 87,15%ы колдоду. Бул сандар эмнени түшүндүрөт жана кошуна республиканы кандай өзгөрүүлөр күтөт? Бул тууралуу эксперт Максим Крамаренко Reporter.kg басылмасына берген маегинде айтып берди.

– Максим, добуш берүүнүн жыйынтыгын кандай баалайсыз? 87% деген көрсөткүч күтүлгөн натыйжабы же жеке президентке болгон ишенимби?
– Мынчалык жогорку деңгээлдеги колдоо Касым-Жомарт Токаев коомду «Жаңы Казакстан» идеясынын айланасында бириктире алганын көрсөтөт. Бул жөн гана түзөтүүлөр үчүн техникалык добуш берүү эмес, иш жүзүндө азыркы мамлекет башчысына терең саясий трансформация жүргүзүү үчүн берилген ишеним мандаты. Жогорку көрсөткүч (73,24%) казак коомунда өзгөрүүлөргө болгон суроо-талап туруктуу бойдон калып жатканын тастыктайт. Жаңы Конституция — бул Токаев бийликке келгенден бери ишке ашыра баштаган концепциялардын мыйзамдаштырылышы. Жаңы конституциялык жоболордон алардын чагылдырылганын көрө алабыз. Мисалы, бейөкмөт уюмдардын жана этномаданий бирикмелердин өкүлдөрүнөн түзүлө турган «Элдик кеңеш» сыяктуу республикалык кеңешүүчү органдын пайда болушу Токаевдин «Угуучу мамлекет» концепциясынын ишке ашуусу болуп саналат. Дагы бир концепция — «Мыйзам жана тартип» тууралуу Конституциянын текстинде түз айтылат. Чындыгында, бул референдум — Назарбаевдин мурасынан алыстаган жаңы саясий системага болгон ишеним мандаты.
– Долбоордо вице-президент кызматын кайтаруу жана Парламенттик реформа каралган. Астанага бул өзгөртүүлөр эмне үчүн дал ушул учурда керек болду?
– Вице-президент кызматын калыбына келтирүү — бул, биринчи кезекте, системанын туруктуулугун камсыздоо механизми жана келечектеги бийлик транзити учурундагы коопсуздук чарасы. Парламенттик реформага келсек, бул «суперпрезиденттик» моделден алыстоо аракети. Мыйзам чыгаруу бийлигинин түзүмүнүн өзгөрүшү бийлик бутактарынын ортосунда тең салмактуулукту түзүүгө жана өкмөттүн депутаттар алдындагы жоопкерчилигин жогорулатууга багытталган.
– Жаңы Конституциянын кабыл алынышы Казакстандын эл аралык аренадагы имиджине, өзгөчө аймактагы геосаясий туруксуздукка кандай таасир этет?
– Туруктуу Казакстан — бул бүтүндөй Борбор Азиянын туруктуулугунун кепили. Негизги экономикалык өнөктөштүн хаостук толкундоолорду эмес, системалуу реформалар жолун тандаганы баарыбыз үчүн маанилүү. Президент бул кадамды тарыхый деп атады. Потенциалдуу инвесторлор Токаев «буржуазиялык эволюцияны» — революциялык эмес, эволюциялык өзгөрүүлөрдү жүргүзүп жатканын көрүп турушат. Саясий өзгөрүүлөр социалдык толкундоолордун натыйжасында эмес, саясий элитанын эл менен болгон диалогунун негизинде болуп жатат.
Негизги мыйзамда суверенитет жана аймактык бүтүндүктөн тышкары, партияларды чет элдик каржылоого тыюу салуу да белгиленген. Бул менен Астана өз аймагында оюндун эрежелерин өзү гана аныктай турганын жана ар кандай сырткы таасирден коргонорун көрсөтүүдө. Мындан тышкары, жаңы Конституцияда атайын экономикалык режимдерди түзүү мүмкүнчүлүгүнүн айтылышы инвесторлор үчүн жагымдуу фактор. Анткени мындай режимдер алардын Казакстандын экономикасына салган каражаттарын коргоонун кошумча шарты болуп калат.
Reporter.kg маалымдамасы: Казакстандын Конституциясына кабыл алынган түзөтүүлөр бийлик бутактарынын ортосунда ыйгарым укуктарды бөлүштүрүүгө жана республикада адам укуктарын коргоону күчөтүүгө багытталган 30дан ашык өзгөртүүлөрдү камтыйт.
Автору: Владимир Банников