Өлкө аймагына бажы салыгы төлөнбөй алынып келинген оор жүк ташуучу “Вольво” үлгүсүндөгү унаа кармалды. Бул тууралуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынан кабарлашты.
Аталган унаа 30-июнда «Ак Тилек» өткөрмө бекетине жакын жерден кармалган. Аны мыйзамсыз өлкөгө алып келгендер мамлекеттик бюджетке 1 миллион сомдон ашык зыян келтиришкен.
Бул факты кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү тизмесине катталып, төргөө ишетри жүргүзүлүп жатканы айтылат