«Кыргызалтын» мамлекеттик бюджетке 18,7 млрд сом которот
«Кыргызалтын» ААКнын акционерлери компаниянын 2025-жылдын жыйынтыгы боюнча тапкан таза пайдасын толугу менен мамлекеттик бюджетке дивиденддерди төлөөгө багыттоо чечимин кабыл алышты. Тийиштүү чечим акционерлердин кезектеги жалпы чогулушунда бекитилди.
Жыйындын жүрүшүндө ишкананын өткөн жылдагы каржы-чарбалык ишмердүүлүгүнүн жыйынтыктары сунушталды. Көрсөткүчтөр тарыхый жогорку чекке жеткен:
- Компаниянын жалпы кирешеси 20,7 млрд сомду түздү.
- Таза пайдасы 18,7 млрд сомго жетти.
2024-жылга салыштырмалуу таза пайда 9%га өскөн, бул уюм үчүн рекорддук көрсөткүч болуп калды. Акционерлердин негизги чечими — бул каражаттардын 100 пайызын (18,7 млрд сомду) мамлекеттик казынага багыттоо болду.
Reporter.kg маалымкаты: «Кыргызалтын» ААК толугу менен мамлекеттик ишкана болуп саналат. Акциялар пакетинин негизги ээси (99%) КР Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиги. Баалуу кагаздардын калган 1%ы Финансы министрлигине таандык.