УКМКнын ДНК-лабораториясы бир жыл ичинде 40ка жакын экспертиза жүргүзгөн

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) өлкөдөгү алгачкы адистештирилген ДНК-лабораториясы бир жылдан ашык убакыттан бери иштеп жатканын жана бул аралыкта 40тай молекулярдык-генетикалык экспертиза өткөрүлгөнүн билдирди.
Атайын кызматтын маалыматында, экспертизалар оор жана өзгөчө оор кылмыш иштерине, ошондой эле сот чечимдеринин негизинде жарандык иштерге карата жасалган.
“Лаборатория тергөө органдары, соттор жана прокуратура үчүн, анын ичинде улуттук коопсуздук органдарынын бөлүмдөрү үчүн да талап кылынган маанилүү инструмент болуп калды. Жүргүзүлүп жаткан изилдөөлөр адамга каршы кылмыштарды, каракчылыкты жана өлтүрүү иштерин иликтөөдөн тартып, кырсыктарга байланыштуу материалдарды талдоого чейин, ошондой эле чалгындоо жана контрчалгын иш-чараларын жүргүзүүгө илимий-техникалык колдоо көрсөтөт”,- деп билдирди УКМК.
Лабораториянын негизги функциялары төмөнкүлөрдү камтыйт:
- Биологиялык издер (кан, чач, шилекей, ткандар) аркылуу адамды идентификациялоо;
- Кылмыш жана жарандык процесстерде далилдик базаны тастыктоо;
- Улуттук коопсуздукту камсыз кылууда ДНК-анализди колдонуу;
- Соттук медицина менен криминалистиканы өнүктүрүү;
- Тергөө органдары, сот жана прокуратура менен ведомстволор аралык кызматташтыкты ишке ашыруу.
Ошондой эле атайын кызмат бул лаборатория мамлекеттик бюджеттик каражаттарды колдонбостон түзүлгөнүн билдирди. Бардык техника жана жабдуулар эл аралык өнөктөштөр тарабынан кайтарымсыз негизде берилген. Ал эми лабораториянын адистери Кытай жана Орусияда окутуудан өтүп келишкен.