Кыргызстанга электрондук тамекилерди ташып келүүгө тыюу салуу дагы жарым жылга узартылат

16.04.2026 | 14:37

Кыргызстандын бийлиги курамында никотин бар продукциялардын рыногун мындан ары да катуу жөнгө салуу ниетинде. Экономика жана коммерция министрлигинен Reporter.kg редакциясына билдиришкендей, учурдагы токтомдун мөөнөтү аяктагандан кийин өлкөгө электрондук тамекилерди ташып келүүгө тыюу салуу дагы 6 айга узартылат.

Мекемеден жаңы чектөө расмий түрдө 2026-жылдын 10-июлунан тартып күчүнө кирерин такташты.

Эске салсак, тыюу салууну узартуу жөнүндө мурунку токтомго Министрлер кабинетинин башчысы Адылбек Касымалиев 2025-жылдын декабрынын аягында кол койгон.

Документке ылайык, Кыргызстанга төмөнкүлөрдү ташып келүүгө кескин тыюу салынган:

  • ЕАЭБ ТЭИ ТН 2404 12 000 0 коду боюнча классификацияланган, ичине никотин суюктугу орнотулган электрондук тамекилерди жана никотин жеткирүү системаларын (бир жолу колдонулуучу вейптерди);
  • көп жолу колдонулуучу системалар үчүн картридждердеги, резервуарлардагы жана башка алмаштырылуучу контейнерлердеги курамында никотин бар суюктуктарды (ошол эле ТЭИ ТН коду).

Башында электрондук тамекилерди жана суюктуктарды импорттоого чектөө 2025-жылдын 1-июлунан 2026-жылдын 1-январына чейин киргизилген. Андан кийин ал кезектеги жарым жылга узартылган. Учурда өкмөттө даярдалып жаткан тыюу салуунун кезектеги узартылышы «Жарандардын ден соолугун коргоо жөнүндө» мыйзамдын талаптарынан жана жаштар арасында эпидемиялык масштабга ээ болуп бара жаткан никотинге көз карандылык менен системалуу күрөшүү зарылдыгынан улам келип чыгууда.

Экономика министрлиги буга чейин никотин жеткирүүнүн жаңы формаларынын көзөмөлсүз таралышына олуттуу тынчсыздануусун билдирген.

Бийликтин кооптонуусун тыюу салуулар киргизилгенге чейинки импорт статистикасы тастыктайт:

  • 2023-жылы өлкөгө дээрлик 50 тонна электрондук тамеки ташылып келинген;
  • 2024-жылы бул көрсөткүч дээрлик эки эсеге өсүп, 89 тоннага жеткен;
  • 2025-жылдын алгачкы сегиз айында импорт 12,4 тоннаны түзүп, бул жогорку суроо-талаптын сакталып калганынан кабар берген.
Scroll to Top