Европа биримдигинде интернетке кирүүгө курактык чектөө киргизилет

16.04.2026 | 16:23

Европа биримдигинде онлайн-платформаларга кирүүдө колдонуучулардын курагын текшерүүчү тиркемени ишке киргизүүгө даярдык көрүлүүдө, деп билдирет чет элдик ЖМКлар.

Алардын маалыматына караганда, Европа комиссиясынын төрайымы Урсула фон дер Ляйенге таянуу менен, тиркеме техникалык жактан даяр жана жакында жарандарга жеткиликтүү болот.

Бул кызмат курактык чектөөсү бар товарларды сатып алууда документтерди текшергендей эле, социалдык тармактарды жана башка онлайн-сервистерди колдонууда куракты тастыктоого мүмкүндүк берет.

Европа комиссиясы белгилегендей, система балдарды интернетте коргоо боюнча жалпы европалык ыкманын бир бөлүгү болуп калат. Ошол эле учурда колдонуучулар жеке маалыматтарын ачыктабастан курагын тастыктай алышат — тиркеме анонимдүү иштейт жана купуялуулук стандарттарына жооп берет.

Фон дер Ляйендин айтымында, кызмат ар кандай түзмөктөрдө, анын ичинде смартфондордо, планшеттерде жана компьютерлерде жеткиликтүү болот, ал эми анын коду ачык болот. Бул чечимди Европа биримдигине кирген өлкөлөр гана эмес, эл аралык өнөктөштөр да колдоно алары күтүлүүдө.

Системаны ишке киргизүүнү пландаштырган мамлекеттердин катарында Франция, Дания, Греция, Италия, Испания, Кипр жана Ирландия аталды.

Европа комиссиясы ошондой эле онлайн-платформаларга көзөмөл күчөтүлөрүн билдирди.

«Балдардын укугун коргобогон компанияларга карата бизде нөлдүк сабырдуулук болот (кечирим болбойт)», — деди Европа комиссиясынын башчысы.

Scroll to Top