Кыргызстан Америка мамлекеттеринин уюмунда туруктуу байкоочу статусун алууну көздөөдө

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Америка мамлекеттеринин уюмунун (АМУ) башкы катчысы Альберт Рамдин менен жолугуп, Кыргызстандын Америка континентинин өлкөлөрү менен байланышын чыңдоого багытталган маселелерди талкуулады. Сүйлөшүүлөр Вашингтон шаарындагы уюмдун штаб-квартирасында өттү.
Жолугушууда тараптар Кыргызстандын АМУдагы туруктуу байкоочу статусун алуу маселесин карашты. Бул кадам өлкөнүн Түндүк жана Түштүк Америка өлкөлөрү менен саясий диалогду өнүктүрүүгө, мамлекеттик башкарууда тажрыйба алмашууга жана экономикалык кызматташууга шарт түзөт.
Адылбек Касымалиев республиканын социалдык-экономикалык өнүгүүсү боюнча маалымат берди. Ошондой эле АМУга мүчө өлкөлөрдү ушул жылдын Кыргызстанда өтө турган 6-Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына катышууга чакырды.
Башкы катчы Альберт Рамдин Кыргызстандын экономикалык көрсөткүчтөрүн белгилеп, уюм менен институционалдык байланышты бекемдөө демилгесин колдой турганын билдирди.
Маалымат үчүн: Америка мамлекеттеринин уюму 1948-жылы негизделген. Ал Түндүк жана Түштүк Америкадагы 35 мамлекетти бириктирет. Уюмдун негизги максаттары — коопсуздукту бекемдөө, демократияны өнүктүрүү, адам укуктарын коргоо жана экономикалык өнүгүүгө көмөктөшүү.