Депутаттар мопед айдоочуларына күбөлүк алуу боюнча долбоорду жактырышты
Жогорку Кеңештин депутаттары үчүнчү окууда жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо маселелери боюнча мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүүнү жактырышты. Бул өзгөртүүлөр мопед айдоочулары үчүн айдоочулук күбөлүктү киргизүүнү караштырат.
Долбоорго ылайык, мопед деп саатына 50 чакырымдан ашпаган ылдамдыкта жүрүүчү эки же үч дөңгөлөктүү механикалык транспорт каражаты эсептелет. Ал көлөмү 50 куб сантиметрге чейинки ичтен күйүүчү кыймылдаткыч же кубаттуулугу 0,25тен 4 киловаттка чейинки электр кыймылдаткычы менен жабдылышы мүмкүн.
Мопеддерге мокиктер, мотороллерлор, скутерлер, электроскутерлер жана ушул сыяктуу техникалык мүнөздөмөлөрү бар башка транспорт каражаттары теңештирилет.
Өзгөртүүлөргө ылайык, мопеддерди жана жеңил мотоциклдерди башкаруу укугу 16 жашка толгон адамдарга берилет. Бул үчүн «А1» подкатегориясындагы айдоочулук күбөлүктү алуу зарыл.
Ошондой эле, эгер мыйзамга президент кол койсо, мопеддер жана ушуга окшош транспорт каражаттары каттоодон жана кайра каттоодон өтүүгө тийиш болот.
Бул ченем мыйзамга кол коюлгандан алты ай өткөндөн кийин күчүнө кириши күтүлүүдө.