Кеминде эркек кишини сабап өлтүрүп кетишти — шектүүлөр кармалды. Видео

18.04.2026 | 13:30

Чүй облустук Ички иштер башкы башкармалыгынын (ИИББ) кызматкерлери тарабынан өлүмгө алып келген ден соолукка оор зыян келтирүүгө шектелген үч жаран изи сууй электе кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук ИИББдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 15-апрелде саат 21:42 чамасында Кемин райондук ИИБне Кемин шаарындагы Исраилов — Шевченко көчөлөрүнүн кесилишинен эркек кишинин жансыз денеси табылгандыгы тууралуу билдирүү түшкөн. Маркум 43 жаштагы жергиликтүү тургун болуп чыкты, анын денесинде көк ала тактар жана сыйрылган жаракаттар табылган.

КР Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренеси («Ден соолукка оор зыян келтирүү») боюнча кылмыш иши козголду.

Ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө 15-апрелге караган түнү шектүүлөр менен маркумдун ортосунда чыр-чатак чыкканы, андан соң эркек кишини супермаркеттин имаратынын артында сабап кетишкени аныкталган. Ал алган жаракаттарынан улам каза болгон.

Кармалгандар убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Scroll to Top