Май майрамдарында Кыргызстандагы КТБлар кандай тартипте иштейт?

22.04.2026 | 11:16

КР Президентинин Иш башкармалыгына караштуу «Кызмат» мамлекеттик ишканасы алдыдагы май майрамдарындагы Калкты тейлөө борборлорунун (КТБ) иштөө графигин жарыялады.

Өлкөдөгү бардык КТБлар штаттык (кадимки) режимде ишин улантат.

Жарандарды кабыл алуу графиги:

2026-жылдын 1-майынан 10-майына чейин, бардык майрам жана дем алыш күндөрүн кошо алганда, Калкты тейлөө борборлору саат 09:00дөн 18:00гө чейин ачык болот.

Ведомство кыргызстандыктардан документтерди алууга барууну пландаштырууда ушул графикти эске алууну суранат. Мындан тышкары, адистер жарандарга мүмкүнчүлүккө жараша мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү онлайн форматта (электрондук түрдө) пайдаланууну сунушташат.

Scroll to Top