Кыргызстан менен Палестина инвестициялык кызматташтыкты өнүктүрүүгө кызыкдар

23.04.2026 | 10:26

Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин башчысы Равшанбек Сабиров Палестина мамлекетинин Кыргызстандагы элчиси Ваиль Ахмед Батрехи менен жолугушту. Анда тараптар соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташтыкты өнүктүрүү маселелерин талкуулашты.

Равшанбек Сабиров инвестициялык потенциал, реформалар, инвесторлорду мамлекеттик колдоо чаралары тууралуу маалымат берди. Алардын ичинде салыктык жеңилдиктер, мамлекеттик-жеке өнөктөштүк механизмдери жана долбоорлорду «бирдиктүү терезе» принциби боюнча коштоп жүрүү бар.

Ошондой эле жолугушууда курулуш жана инфраструктура, агроөнөр жай комплекси жана туризм багыттарында биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу мүмкүнчүлүктөрү каралды.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар мамилелерди өнүктүрүүгө, инвестициялык байланыштарды чыңдоого жана эки өлкөнүн ишкер чөйрөлөрүнүн ортосундагы өз ара аракеттенүүнү күчөтүүгө кызыкдар экендиктерин билдиришти.

Scroll to Top