Улуттук хирургия борборунан боорду алмаштыруудан кийинки бейтаптын абалы жана кийинки операция тууралуу айтып бериштиБишкектин бир бөлүгүндө жаратылыш газы 2 күнгө өчүрүлөтИнвестициялар боюнча улуттук агенттик менен «ХанаЭнергия» энергетика тармагында кызматташатКыргызстан менен Кытай чакан жана орто бизнести колдоого багытталган жаңы программаны ишке ашыратАКШдан канча кыргызстандык депортацияланганын ТИМ билдирдиЧүй жана Жалал-Абадда мыйзамсыз сатылып жаткан тамеки жана алкоголдук продукциялар аныкталды
Ошто жеке нотариус документтерди жасалмалоого шектелип кармалды
24.04.2026 | 09:57

Ош шаарында жеке нотариус жана эки жаран документтерди жасалмалоого шектелүүдө. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекттик комитет билдирди.
Маалыматка ылайык, 22-апрелде Ош шаарынын нотариалдык округунун жеке нотариусу А.К.Г. жана ортомчулук кылган Х.С.И. менен Т.И.М. аттуу жарандар документтерди жасалмалоо фактысы боюнча кармалышкан.
Шектүүлөр УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Учурда иштин жагдайларын жана башка адамдардын ушул сыяктуу кылмыштарга катыштыгын аныктоо боюнча тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар