Аскерге чакырылуучулар үчүн медкомиссия бейтапканаларга которулуп, кагаз документтерден баш тартылат
Кыргызстанда аскерге чейинки курактагы жарандарды медициналык кароодон өткөрүү жол-жобосу жөнөкөйлөштүрүлүүдө. Вице-премьер-министр Улан Маматканов тийиштүү пилоттук долбоорду ишке ашыруу боюнча жумушчу кеңешме өткөрдү.
Бул демилге «Өкмөттүк акселераторлор» программасынын алкагында ишке ашырылууда — буга чейин премьер-министр Адылбек Касымалиев бул процессти 100 күндүн ичинде оптималдаштырууну тапшырган болчу.
Реформанын маңызы үч негизги өзгөртүүдөн турат: аскердик-дарыгерлик комиссиядан өтүү кадимки бейтапканалардын базасына которулат, жол-жобо жөнөкөйлөштүрүлөт, ал эми кагаз түрүндөгү документ алмашуу санариптик форматка алмаштырылат.
Чүй облусунда долбоорду пилоттук түрдө ишке киргизүү сунушталган моделдин натыйжалуу иштеп жатканын көрсөттү. Кеңешмеде реформаны ишке ашыруунун жүрүшү талкууланып, аны андан ары иштеп чыгуу үчүн тармактык мамлекеттик органдарга бир катар конкреттүү тапшырмалар берилди.