Кыргызстан менен Казакстандын банктары кооптуу сызыкта
CAREC институтунун изилдөөсү глобалдык жылуулануудан улам Борбор Азиядагы каржы тутумдарынын кыйроо тобокелдиктери жөнүндө эскертти.

Климаттын өзгөрүшү Борбор Азиянын банк секторуна буга чейин эске алынбаган системалык тобокелдиктерди жаратууда. CAREC институтунун жаңы изилдөөсүнө ылайык, Казакстан менен Кыргызстандын каржы тутумдары физикалык жана өткөөл климаттык өзгөрүүлөрдүн алдында алсыз экени аныкталды. Бул тууралуу изилдөөнүн авторлору эскертишүүдө. Ошол эле учурда, мындай алсыздыктын мүнөзү эки өлкөдө эки башкача болот. Кыргызстан акча которуулар каналы аркылуу тышкы макрошокторго көбүрөөк дуушар болот (мындай сценарийде капиталдын жетиштүүлүк коэффициенти (CAR) −229,8%га чейин төмөндөйт). Ал эми Казакстан көмүр суутектеринен көз каранды болгондуктан, «жашыл экономикага» өтүү тобокелдиктерине көбүрөөк кабылат.
Казакстан менен Кыргызстандын банктык системалары эл аралык стандарттарга формалдуу түрдө жооп бергени менен, иш жүзүндө климаттык коркунучтардын алдында корголгон эмес. Мындай жыйынтыкка Казакстандын Экономика институтунун жана Global Sciences компаниясынын окумуштуулар тобу өздөрүнүн «Климаттын өзгөрүшүнүн банк тутумунун туруктуулугуна тийгизген таасири: Казакстан жана Кыргыз Республикасынын мисалында» аттуу изилдөөсүндө келишкен. CAREC институтунун изилдөө гранттары программасынын колдоосу менен даярдалган бул эмгек аймактагы эки ири мамлекеттин каржы сектору үчүн тобокелдиктерди биринчи жолу комплекстүү түрдө баалады.
2050-жылга чейинки мезгилди камтыган изилдөөнүн авторлору физикалык жана өткөөл климаттык тобокелдиктер шартында негизги көрсөткүчтөр: капиталдын жетиштүүлүгү жана көйгөйлүү насыялардын үлүшү кандай болорун баалоо үчүн стресс-тестирлөө жана VAR-моделдөөнү колдонушкан.
Жыйынтыктар төмөнкүдөй: банктардын учурдагы капиталдык резервдери кыска мөөнөттүү анча күчтүү эмес соккуларга туруштук берүүгө гана жетет. Бирок физикалык тобокелдиктер күчөсө, кескин өткөөл шогу болуп, көптөгөн банктар төлөө жөндөмдүүлүгү боюнча олуттуу көйгөйлөргө туш болушат.

Каржы тармагын жөнгө салуучу органдар (регуляторлор) бул коркунучту баалабай жатабы же ага кантип даярданууну билбей жатабы деген суроого изилдөөнүн авторлорунун бири Нургүл Акимова Reporter.kg редакциясына берген маегинде мындай деп жооп берди:
«Эки пикир тең туура, бирок ар башка. Маселе коркунучту четке кагууда эмес, көбүнчө керектүү инструменттердин жоктугунда: постсоветтик экономикалар үчүн улуттук деңгээлде калибрленген климаттык-каржылык моделдер жок, тармактык климаттык маалыматтар жетишсиз жана чек ара аралык координация алсыз. Регуляторлор үчүн негизги жыйынтык: климаттык-экономикалык сценарийлер айкалышкан учурда стандарттык пруденциалдык чаралар жетишсиз, ал эми ал эми Базель ыкмаларын “ошол бойдон” көчүрүп алууга болбойт. Ар бир экономиканын түзүмдүк өзгөчөлүктөрүнө ылайыкталган дифференцияланган чечимдер керек».
Reporter.kg'ден маалымат:
Базель III — бул 2007–2009-жылдардагы кризистен кийин Базель комитети тарабынан иштелип чыккан банктарды жөнгө салуунун эл аралык системасы. Ал банктардын туруктуулугун жогорулатуу үчүн капиталга болгон талаптарды катаалдаштырат жана ликвиддүүлүк стандарттарын киргизет. Негизги максаты — капиталдын буферлерин түзүү жана тобокелдиктерди чектөө.
Энергиянын кескин өтүү (жашыл экономикага өтүү) сценарийи өзгөчө кооптонууну жаратат. Моделдөө көрсөткөндөй, эгер Казакстанда көмүртекке катуу чектөөлөр киргизилсе, экономикасы мунай жана газга абдан көз каранды болгондуктан, банк сектору «токтоп калган» активдер (stranded assets) эффектине туш болушу мүмкүн. Мында көмүртектүү тармактарга салынган эбегейсиз инвестициялар бир заматта баасын жоготот.
«Бул жерде маанилүү нерсе: Кыргызстан үчүн “терең терс зона” сценарийи кескин энергетикалык өтүү менен байланыштуу эмес, — деп тактады Нургүл Акимова, — CAR көрсөткүчүнүн минус 229,8% болушу “adverse macro scenario” шартында келип чыгат: акча которуулардын кескин төмөндөшү, валюталык басым, гиперинфляция. Ал эми көмүртек салыгынын киргизилиши ($150/т CO₂) сценарийинде Кыргызстандын системасы, тескерисинче, туруктуу: CAR 123,1% деңгээлинде (базалык көрсөткүч – 39,3%). Энергетикалык өтүүдөн улам коллапс коркунучу — бул Кыргызстанга эмес, Казакстанга тиешелүү көрүнүш».
Reporter.kg'ден маалымат:
Моделдөө үчүн критикалык чектик көрсөткүчтөр колдонулган. Алардын ичинде Кыргызстанда акча которуулардын үлүшү 30%дан ашык төмөндөшү же Казакстанда мунай баасынын 40%дан ашык арзандашы сыяктуу факторлор бар. Экстремалдуу сценарийлерде модель система туруктуулуктан коллапска өткөн сызыктуу эмес бифуркация чекиттерин аныктайт. Мисалы, макрошок учурунда Кыргызстандын CAR көрсөткүчү минус 229,8%га, ал эми стресс шартында Казакстандын NPL көрсөткүчү 126,6%га жетет. Изилдөөдөгү NPL 101,5% мааниси — бул Казакстандын базалык диагностикалык көрсөткүчү, ал мурунку көйгөйлүү насыяларды чагылдырат, бул экстремалдык сценарийдин жыйынтыгы эмес.
NPL (Non-Performing Loan) — иштебеген насыя. Бул төлөө мөөнөтү өтүп кеткен карыз.
Авторлор «сызыктуу эмес бифуркация чекиттери» деген түшүнүктү киргизишкен — бул тутум туруктуулуктан кыйроого өткөн чек. Акимова конкреттүү себептерди атады:
- Кыргызстан үчүн: акча которуулардын 30%дан ашык төмөндөшү.
- Казакстан үчүн: мунай баасынын 40%дан ашык арзандашы.
- Жалпы: CAR < 8%, NPL > 5%, ошондой эле операциялык себептер: Казакстан үчүн Brent мунайынын баасы бир баррелине $45тан төмөн түшүшү, Кыргызстан үчүн айлык акча которуулардын өткөн жылга салыштырмалуу 20%га азайышы.
«Бир нече триггер бир убакта иштеп кеткенде, модель сызыктуу эмес дестабилизацияны жазат. Бул капитал түз эле минус 229%га кетет деген божомол эмес, бул ошол чектен кийин стандарттык түз моделдер иштебей каларын жана тутумдук кыйроо (коллапс) башталарын билдирген сигнал», — деп түшүндүрдү ал.
Казакстан: мунай көз карандылыгы жана өткөөл тобокелдиктер
Казакстандын негизги алсыздыгы анын чийки заттан көз карандылыгында болууда. Изилдөөнүн авторлору өткөөл тобокелдиктерди башкарууну республика үчүн негизги милдет деп аташууда. Казакстан үчүн климаттык шоктун өткөрүүчү каналы — бул валюта курсу жана бюджеттин мунай баасына болгон көз карандылыгы.
Ошол эле учурда өлкө адаптациялоо багытында алгачкы кадамдарды таштай баштады: 2025-жылы казакстандык жөнгө салуучу орган (регулятор) биринчи жолу банк секторунун климаттык стресс-тестирлөөсүн өткөрүп, температуранын 3°Cге жогорулашы сценарийин карап чыкты. Жыйынтыктар көрсөткөндөй, сектордун жалпы капиталы 17,4%дан 14,2%га чейин кыскарышы мүмкүн. Бул дагы деле жөнгө салуучу минималдуу талаптардан жогору болгону менен, көйгөйдүн бар экенинен кабар берет.
«Иштин логикасы мындай: базалык жөнгө салуучу запас азырынча анча күчтүү эмес шокторду чындап эле жаап жатат, — деп билдирди Нургүл Акимова. — Бирок авторлор ачык эле билдирүүдө: “Учурдагы капиталдык резервдер кыска мөөнөттүү термелүүлөр үчүн жетиштүү болушу мүмкүн, бирок физикалык тобокелдиктер күчөгөндө же күтүүсүз өткөөл шок болгондо көптөгөн банктар олуттуу көйгөйлөргө туш болушат”. Бул жерде негизги сөз — „айкалышкан“ сценарийлер. Жөнөкөй 3°C температуралык шок — бул жумшак божомол. Изилдөөдө курамдык шоктор (мунайдын төмөндөшү + иштебеген насыялардын (NPL) өсүшү + девальвация + баалуу кагаздарды кайра баалоо) колдонулат жана дал ушулар сызыктуу эмес бифуркация чекиттерин ачыкка чыгарат. Ошондуктан, бир жолку тесттин жумшак жыйынтыгы — бул тынчтанууга эмес, тескерисинче, методологияны кеңейтүүгө себеп».
Кыргызстан: акча которуулар жаратылыш кубулуштарынын соккусу астында
Кыргызстан алсыздыктын башка тарабын көрсөтүүдө. Анын банк тутуму мигранттардын акча которууларына өтө эле көз каранды, алар ИДПнын 18,77%ын түзөт (2023-жылдын маалыматы). Мигранттар жүргөн өлкөлөрдөгү же Кыргызстандын өзүндөгү кургакчылык, суу ташкыны жана башка климаттык кырсыктар бул маанилүү каржы агымын бир заматта бууп коюуга кудуреттүү.
Эмне үчүн Кыргызстанда мунайга көз карандылык жок болсо да, анын көйгөйлөрү казакстандыкына тете? Нургүл Акимова мындай деп түшүндүрөт: «Көмүртектүү экономиканын жоктугу өткөөл тобокелдиктерди алып салат, бирок аялуулуктун башка тарабын жаратат, ал — акча которуулар. Миграцияны кабыл алган өлкөлөрдөгү климаттык шоктор дароо валюталык басымга, импорттолгон инфляцияга жана иштебеген насыялардын өсүшүнө айланат. Авторлор төмөнкүнү белгилешет: эки өлкөдө тең банктык кредиттөөнүн ИДПга карата ийкемдүүлүгү 3,0гө барабар, башкача айтканда, ИДП 1%га төмөндөсө, портфелдин сапаты үч эсе начарлайт».
Бул алсызыдк эң жогорку жакта да моюнга алынууда: Кыргызстандын Улуттук банкынын төрагасы климат инфляция же туруксуз курс сыяктуу эле тобокелдик факторуна айланганын билдирген. Республика чечүү жолдорун издей баштады, атап айтканда, Азия өнүктүрүү банкынын колдоосу менен табигый кырсыктар болгон учурда атайын «климаттык» облигацияларды чыгаруу механизми иштелип жатат.
«Изилдөөнүн авторлору „жашыл“ облигацияларды пруденциалдык чаралардын ордун басуучу эмес, инвестицияларды тартуу инструментинин бир бөлүгү катары карашат, — дейт Акимова. — Кыргызстан үчүн адегенде „жашыл“ кредиттөөнүн ата мекендик стандарттарын куруу керек. Максаттуу багыт: 2030-жылы жашыл каржылоонун үлүшүн 5–10%га жеткирүү. Аймактык тобокелдик пулдары камсыздандыруу баасын төмөндөтөт — бирок бул ички буферлерди алмаштыруучу эмес, кошумча инструмент».
Жашыл трансформация — зарылчылык катары
CAREC институтунун изилдөөсү — бул эки өлкөнүн каржылык жөнгө салуучулары жана өкмөттөрү үчүн сигнал. Ал макропруденциалдык көзөмөл тутумуна климаттык тобокелдиктерди интеграциялоо өтө начар экенин көрсөттү.
Изилдөөнүн негизги сунушу стресс-тестирлөө инструменттерин тез арада адаптациялоо жана «жашыл» каржылоонун улуттук стратегияларын иштеп чыгуу болуп эсептелинет. Авторлор белгилегендей, бул коркунучтарга көңүл бурбоо тутумдук кризиске алып келиши мүмкүн; мында туруктуулуктун тиреги деп эсептелген банктар климаттык кыйроонун очогуна айланып калат. Маселе климаттык тобокелдиктер болобу же жокпу дегенде эмес, каржы тутумдары аларга даярданып жетишеби дегенде турат.
«Авторлордун үч катмардан турган конкреттүү рецепти бар, — дейт эксперт. — Биринчиси: акча которуулардын туруксуздугуна байланган ликвиддүүлүк буферлери, которуулар 15%дан ашык төмөндөсө, кошумча 2–5% ликвиддүү активдерди талап кылуу. Экинчиси: чекене портфелдерди которуулардын 25–30%га төмөндөшүнө карата стресс-тесттен өткөрүү жана үй чарбаларынын кирешесинин 50%дан ашыгы которуулардан көз каранды экенин эске алуу. Үчүнчүсү: көзөмөлдөөчү реакциянын триггери — айлык которуулардын өткөн жылга салыштырмалуу 20%дан ашык азайышы. Банктар аба ырайын көзөмөлдөй алышпайт, бирок аялуу коридорлордон келген карыз алуучулар боюнча портфелдин топтолушун көзөмөлдөй алышат».
Reporter.kg Нургүл Акимовага «шокторду пландоо» мөөнөттөрү тууралуу дагы бир нече суроо берди. Ал эки өлкөнүн улуттук банктары үчүн бир нече конкреттүү кадамдарды сунуштады.
— Банктар көп учурда: «Климаттык тобокелдиктер — бул 10–20 жылдык келечек, ал эми биздики кыска мөөнөттүү пландоо», — деп айтышат. Сиздин изилдөөңүз бул шылтоону төгүндөйбү? Сиздин баамыңызда шок канчалык жакын?
— Ооба, эки багыт боюнча тең. Биринчиден, өткөөл тобокелдиктер физикалык тобокелдиктерге караганда жакыныраак: изилдөөдөгү «Минскинин моменти» сценарийлери 2027-жылга чейин моделделген, тагыраагы, бул банктардын кыска мөөнөттүү пландоо зонасында. Күтүүсүз $150/тCO₂ көмүртек салыгы — бул 2050-жылдын коркунучу эмес, бул 2025–2027-жылдардын потенциалы.
Экинчиден, физикалык тобокелдиктердин да кыска мөөнөттүү каналы бар: 2026-жылга чейинки салттуу макро-байланышкан долбоорлор терс сценарийде Кыргызстан үчүн CARдын −229,8% болушун көрсөтүп жатат — бул келечектеги кургакчылык аркылуу эмес, акча которуулар жана валюта курсу аркылуу боло турган нерсе. Авторлор мындай деп түз жазышат: «Акырындап адаптациялоо мүмкүнчүлүктөрүнүн терезеси тарылууда. Климаттык тобокелдиктерди интеграциялоону кечиктирүү иретсиз экономикалык өтүүлөрдүн жана каржылык туруксуздуктун ыктымалдуулугун жогорулатат». Иштеги саясий жыйынтыктар 2050-жылга эмес, атайын жакынкы 2026–2030-жылдарга багытталган.
— Сиз климаттык тобокелдиктерди макропруденциалдык көзөмөлгө интеграциялоону сунуштап жатасыз. Бул иш жүзүндө эмнени түшүндүрөт? Банктар «кир» (экологияга зыяндуу) насыялар үчүн кошумча резервдерди түзүшү керекпи? Же өнөр жайды кредиттөө моделин толугу менен өзгөртүү зарылбы?
— Төрт параллелдүү аракет талап кылынат. Биринчиси: мультипликативдик сценарийлер (+2°C жана +4°C 2030-жылга чейин) жана тармактык артыкчылыктар менен милдеттүү климаттык стресс-тесттөө. Казакстан үчүн бул — энергетика жана түштүк аймактардагы суу тартыштыгы, Кыргызстан үчүн — айыл чарбасындагы кургакчылык, Бишкек жана Ош өрөөндөрүндөгү суу ташкындары, тоолуу аймактардагы жер көчкүлөр. Экинчиси: көмүртеккө байланган капиталдык талаптар — мунай-газ экспозициялары үчүн кошумча 2–5% капитал, оор өнөр жай үчүн 1–3%, транспорт үчүн 0,5–1%, муну үч жылдык этап менен киргизүү керек. Үчүнчүсү: RWA (тобокелдикке жараша салмактанган активдер) эсебине киргизилген климаттык тобокелдиктер боюнча портфелдик экспозицияны географиялык картага түшүрүү. Төртүнчүсү: 2026-жылга чейин TCFD боюнча маалыматтарды ачыктоо жана жөнгө салуучу орган тарабынан тутумдук климаттык индикаторлорду жарыялоо.
Демек, бул «кир насыялар үчүн резервдерди түзүү» дагы, моделди өзгөртүү дагы, бирок бирдей эмес, тармактык көмүртек сыйымдуулугуна байлоо аркылуу ишке ашат. Кошумча тармактык концентрация лимиттери: Казакстан үчүн — 2026-жылга чейин мунай-газ тармагы портфелдин 25%ынан, ал эми 2030-жылга чейин 20%ынан ашпашы керек; ошол эле учурда кайра жаралуучу энергия булактары жана энергия натыйжалуулугу үчүн тобокелдик салмагы 100%дын ордуна 75%га чейин төмөндөтүлүшү зарыл.
Reporter.kg'ден маалымат:
CAREC Institute — маалыматты жаратуу жана алмашуу аркылуу Борбор Азиядагы жана Жибек Жолундагы экономикалык кызматташтыкка көмөктөшүү үчүн түзүлгөн өкмөттөр аралык уюм. Борбордук Азия аймактык экономикалык кызматташтык (ЦАРЭС) программасынын интеллектуалдык тиреги болуп саналат. Штаб-квартирасы Үрүмчүдө (КЭР, Синьцзян-Уйгур автономдук району) жайгашкан. 2017-жылы түзүлгөн, 11 мүчө-өлкөнү бириктирет: Ооганстан, Азербайжан, Кытай, Грузия, Казакстан, Кыргызстан, Монголия, Пакистан, Тажикстан, Түркмөнстан, Өзбекстан.
Изилдөөнүн авторлору:
- Заира Сатпаева (Zaira Satpayeva) — PhD, ассоциацияланган профессор, Казакстан Республикасынын Илим жана жогорку билим берүү министрлигинин Илим комитетинин Экономика институтунун инновациялык жана технологиялык өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы (Алматы).
- Нургүл Акимова (Nurgul Akimova) — кыргызстандык экономист, Кыргызстандын экономикасы боюнча эң көп шилтеме берген эксперттердин бири. Санариптик трансформация, каржылык инклюзия, акча-кредит саясаты жана мамлекеттик каржы тармактары боюнча адистешкен.
- Дана Кангалакова (Dana Kangalakova) — PhD, ассоциацияланган профессор, Казакстан Республикасынын Илим жана жогорку билим берүү министрлигинин Илим комитетинин Экономика институтунун экономиканын реалдуу сектору бөлүмүнүн башчысы (Алматы).