Ошто кече кызматтан кеткен мэр Таалайбек Сарыбашовдун тарапташтары митингге чогулду. Алар мэрдин кайра ордуна келүүсүн талап кылышууда.
Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашовду кызматтан алууну 6-октябрда шаардык кеңештин 31 депутаты бир добуштан колдогон. Кийинчирээк Сарыбашов өзүн-өзү калаа башчы деп жарыялаган “Бир Бол” саясий партиясынан депутаттыкка талапкер Дүйшөн Төрөкуловго кызматын өткөрүп бергени тууралуу маалымат тараган.
Ал эми Ош шаарынын мурдагы мэри Мелис Мырзакматов 7-октябрга караган түнү чет өлкөдөн Ошко кайтып келген. Буга чейин Оштогу митингдин айрым катышуучулары Мырзакматовдун кайрадан мэр болуусун талап кылып