Бишкекте тартипке 24/7 режиминде көз салынууда — ШИИБдин борбору кантип иштейтБорбор Азия мамлекеттери аймактын глобалдык позициясын талкуулаштыОрмуз кысыгы кайрадан жабылды — ИРСК каалаган кемеге сокку уруларын эскерттиЖол кырсыгынан жабыркаган аскер кызматкеринин абалы тууралуу эмне белгилүү?КМШнын ТИМ башчылары биргелешкен космос программаларын өнүктүрүүгө даяр экендиктерин ырасташтыСадыр Жапаровдун TRON блокчейн-платформасынын негиздөөчүсү менен жолугушуусу кандай өттү — кенен маалымат
Атамбаев: Ала-Тоо аянтында автоунаамды аткылашты – видео
09.10.2020 | 20:51
Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге кол салуу болду. Бул тууралуу Алмазбек Атамбаевдин кеңешчиси Кундуз Жолдубаева Фейсбук баракчасына жазды.
Ошондой эле автоунаага атылган октордун изин көрсөтүп жаткан Атамбаевдин өзүнүн видеосун жарыялады.
Белгилей кетсек, бүгүн, 9-октябрда Ала-Тоо аянтында Алмазбек Атамбаев менен Өмүрбек Бабановдун тарапташтары кагышып, бир канча адам жаракат алган. Ал жерде ок атылып, айрым адамдар ур-токмокко алынганы кабарланган.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар