КМШ өлкөлөрүнүн окуучуларынын гуманитардык жана коомдук илимдер боюнча эл аралык олимпиадасынын тандоо этабы башталдыБыйыл үй-бүлөлүк зомбулуктан 31 адам каза таптыБишкектин бир бөлүгүндө ичүүчү суу токтотулатКамчыбек Ташиев үч баланын энесинин өлүмүнөн кийин катуу билдирүү жасадыИлим жана жогорку билим берүү министринин милдетин аткаруучу дайындалдыКаныбек Досмамбетов Саламаттык сактоо министри болуп дайындалды
Нарындагы жол кырсыгынан 2 адам каза болду, алардын бири ымыркай бала
31.07.2019 | 10:20
Нарын облусунда Ниссан Цефиро жана Тойота Ипсум үлгүсүндөгү унаалар сүзүшүп, 10 адам жаракат алып, 2 адам каза болду. Окуя кечээ, 30-июлда саат 9.00 чамасында Нарын-Баетов унаа жолунда болгон. Бул тууралуу облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнөн кабарлашты.
Маалыматка ылайык, эки унаадан 10 адам денесинен ар кандай жаракаттарды алып, Нарын облустук жана Баетов айылындагы ооруканаларына жеткирилген. Жол кырсыгынан 1 жаштагы бала жана 54 жаштагы аял алган жаракатынан улам каза болгон.
Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, териштирүү иштери башталганы маалым болду.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар