Екатеринбургдагы чет өлкөлүктөрдү кармоо борборунда 40 кыргызстандык жатат. Башкы консулдук алардан кабар алдыЭл аралык уюмдардын инвестицияларынын 60%дан ашыгы эми Борбор Азияга жумшалуудаҮйдүн жанында токтоп турган унааны айдап качкан. 21 жаштагы шектүү кармалды«Айыл Банк» Бишкектин борборундагы «Кыргызтелекомдун» имаратынын бир бөлүгүн сатып алды«Менин шаарым»: Коомдук транспортту онлайн көзөмөлдөө функциясы эми аймактарда жеткиликтүү«Манас» аэропортундагы калың тумандан улам 15 каттам башка шаарларга багытталды
Ташиев: журналисттерге басым болбойт
16.10.2020 | 19:26
УКМК жана башка күч структуралары тарабынан массалык маалымат каражат өкүлдөрүнө кысым болбойт. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин башчысы Камчыбек Ташиев бул боюнча журналисттер менен жолгушууда билдирди.
“Урматтуу жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү! Эгерде биздин кызматкерлер сизге кысым көрсөтсө, биз аларды жазалоого даярбыз. Таза, чындыкты жазып иштеңиз, чагымчыл билдирүүлөрдүн таратуучулары болуп калбоо үчүн ишенимдүү маалыматтарды гана жазып, жеткирип коюңуз. Ошондой болсо эч ким сизге кысым көрсөтпөйт », – деди ал.