Бүгүн, 21-октябрда «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында Жогору Кеңештин жалпы жыйыны өтүүдө.
Анда Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри кызматына Тилек Токтогазиевдин талапкерлиги каралды.
Анын жыйынтыгы менен депутаттардын көпчүлүгү колдоп берди.
Белгилей кетсек, бүгүн эле айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри Эркинбек Чодуев кызматтан алынган.
Анын ордуна Тилек Токтогазиев жалгыз талапкер катары сунушталды.