Борбор Азия мамлекеттери аймактын глобалдык позициясын талкуулаштыОрмуз кысыгы кайрадан жабылды — ИРСК каалаган кемеге сокку уруларын эскерттиЖол кырсыгынан жабыркаган аскер кызматкеринин абалы тууралуу эмне белгилүү?КМШнын ТИМ башчылары биргелешкен космос программаларын өнүктүрүүгө даяр экендиктерин ырасташтыСадыр Жапаровдун TRON блокчейн-платформасынын негиздөөчүсү менен жолугушуусу кандай өттү — кенен маалыматУлан Ниязбеков: Мыйзам алдында бардыгы ээлеген кызмат ордуна жана атайын наамына карабастан бирдей жоопкерчиликке тартылат
Хабиб Нурмагомедов карьерасын жыйынтыктай тургандыгын айтты – видео
25.10.2020 | 03:40
Бүгүн, 24-октябрда Абу-Дабидеги атайын аралчада өткөн UFC 254 турниринин алкагында орусиялык мушкер Хабиб Нурмагомедов менен америкалык мушкер Жастин Гэйтжи беттешти.
Анда алгачкы мүнөттөрдөн тарта эле үстөмдүк кылган Нурмагомедов беттештин экинчи бөлүгүнүн башында Гэйджини муунтуу ыкмасы менен утуп алды.
Муну менен орус мушкери 3- жолу чемпиондук наамын коргоп калды.
Беттештен кийин көзүнө жаш алган Хабиб Нурмагомедов UFCдеги карьерасын жыйынтыктай тургандыгын билдирди.
Ошондой эле ата-энелерди көзү барда сыйлоого чакырып, апасы андан беттештерге чыгууну токтотууну сурангандыгын, эми апасына кам көрүүнү негизги максат кылгандыгын айтты.
Рубрики: Жаңылыктар, Спорт