Улан Ниязбеков: Мыйзам алдында бардыгы ээлеген кызмат ордуна жана атайын наамына карабастан бирдей жоопкерчиликке тартылатКыргызстан БУУнун Коопсуздук кеңешине шайлоодо Сириянын колдоосуна ээ болдуКеминде эркек кишини сабап өлтүрүп кетишти — шектүүлөр кармалды. ВидеоБишкекте унаа ЧЧКга түшүп кетти — айдоочу эмне болду?Садыр Жапаровдун референдум жөнүндөгү долбоору Жогорку Кеңешке киргизилдиБишкекте үй-бүлөлүк зомбулукка каршы күрөшүү талкууланды
Футболчу 56 метрден “керемет гол” киргизип рекорд койду – видео
30.10.2020 | 12:13
Европа лигасынын 2-турунда Кипрдин «Омония» жана Голландиянын «ПСВ» футболдук клубу беттешти. Оюндун биринчи бөлүгүндө «ПСВга» каршы айып соккусу берилип, «Омониянын» жарым коргоочусу Жорди Гомес каршылаштарынын дарбазачысы алдыга чыгып кеткенин көрүп, 56 метрден таамай сокку узатып, Европа лигасындагы эң алыстан кирген голдорунун тизмесинин башына өз атын жазды.
Бирок мындай “кермет голго” карабастан «Омония» футболдук клубу жеңишти колдон чыгарып, 1:2 эсеби менен утулуп калды.
Жорди Гоместин бул голун, футбол талдоочулар, оюнчулар “өтө керемет гол” деп бааларын беришүүдө.
Белгилей кетсек, өткөн жумада «Стандард» менен болгон оюнда «Рейнджерстин» жарым коргоочусу Кемар Руф 50 метрден гол киргизип, рекорд катары катталган эле.
Рубрики: Жаңылыктар, Спорт