Жапыкеев жетектеген Финпол жоюлду

05.03.2021 | 11:30

Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматы жоюлмай болду. Бул тууралуу өкмөттөн билдиришти.

Тийиштүү буйрукка премьер-министр Улукбек Марипов кол койгон.

Маалыматтарга ылайык, көмүскө экономиканын деңгээли 130 миллиард сом де ИДПнын 23,6 пайызын түзөт. Ал эми көз карандысыз эксперттер бул көрсөткүч 24-43 пайыз экенин айтышкан. Бул Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү мамлекеттик кызматынын иши максатка ылайык жүргүзүлбөй жатканынан кабар берери айтылат.

Scroll to Top