Бишкекте 13 жаштагы өспүрүм кыз үч күндөн бери изделүүдөМамлекеттик тууну үйүңүзгө илиңиз! Ошто патриоттук акция өтүүдөЖээнбек Кулубаев ШКУга мүчө мамлекеттердин улуттук координаторлорун кабыл алдыБишкекте Чүй проспектисинин жабылышына байланыштуу 16 автобустун каттамы убактылуу өзгөрөтОш шаарында бир нече негизги көчөлөр оңдолуп, пайдаланууга берилдиТүтүнсүз Көчмөндөр оюндары: Саламаттык сактоо министрлиги стадиондордо тамеки тартууга тыюу салынганын эскертти
Кыргызстанга 588 баш малды мыйзамсыз алып кирүү аракети аныкталды
05.03.2021 | 11:22
Салык кызматы Кыргызстанга 588 баш малдын мыйзамсыз алып кирүүсүн алдын алынганын кабарлады.
Маалыматка ылайык, Салык кызматы кыргыз-казак чек арасындагы контролдук-өткөрмө бекеттерине жакын жердеги товарларды эсепке алуу пункттарында ЕАЭБге мүчө мамлекеттерден малдарды тийиштүү уруксатсыз ташуу фактысын аныктаган.
Тактап айтканда, бир аптанын ичинде Кыргызстанга 474 бодо мал жана 114 майда жандыкты мыйзамсыз ташуу аракети ачыкталган.
Импорттоочуларда товарды ташып келүүгө коштоочу документтери жана салыктык каттоо жөнүндө салык органынын маалымкаты жок болгон.
Бузуу фактылары боюнча материалдар мыйзамга ылайык чараларды көрүү үчүн мобилдик топко өткөрүлүп берилген.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом