17-апрель: Көпчүлүк аймактарга жаан жаап, күн сууктайтКыргызстан Америка мамлекеттеринин уюмунда туруктуу байкоочу статусун алууну көздөөдөКыргызстандык окуучулар эл аралык математика олимпиадасында ийгилик жаратыштыКасымалиев АКШнын IT-гиганты менен санариптик коопсуздук боюнча жумушчу топ түзүү тууралуу макулдаштыБишкек конуштар үчүн жаңы автобустарды сыноодон өткөрүүдөБишкекте мечиттер КМДБнын балансына өткөрүлүп берилүүдө
Атамбаевдин кармалышы боюнча жактоочулардын даттануусу канааттандырылган жок
21.08.2019 | 12:25
20-августта Биринчи май райондук соту мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин кармалышынын мыйзамдуулугун карап, жактоочулардын даттануусун канааттандырган жок.
Отурумдун жүрүшүндө жактоочулар экс-президентти УКМКга алып келүү мыйзам бузуу менен ишке ашканын белгилешти.
Ал эми мамлекеттик айыптоочу Атамбаев суракка чакырууларга келбеген үчүн мажбурлап алып келүүсүнө мыйзам уруксат берерин айтып, соттон Атамбаевдин кармалуусун мыйзамдуу деп таанып берүүнү өтүнгөн.
Белгилей кетсек, Алмазбек Атамбаев 8-августта Ички иштер министрлигинин атайын операциясынан соң колго түшүп УКМКнын тергөө абагына киргизилген. Сот анын баш коргоо чарасын карап, анын камактагы мөөнөтүн 26-октябрга чейин узартты. Ал бир нече оор кылмыштарга шектелүүдө
Рубрики: Жаңылыктар, Саясат