logo
press@reporter.kg
  • facebook
  • odnoklassniki
  • twitter
  • instagram
  • telegram

Атамбаевдин кармалышы боюнча жактоочулардын даттануусу канааттандырылган жок

Атамбаевдин кармалышы боюнча жактоочулардын даттануусу канааттандырылган жок

20-августта Биринчи май райондук соту мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин кармалышынын мыйзамдуулугун  карап, жактоочулардын даттануусун канааттандырган жок.

Отурумдун жүрүшүндө жактоочулар экс-президентти УКМКга алып келүү мыйзам бузуу менен ишке ашканын белгилешти. 

Ал эми мамлекеттик айыптоочу Атамбаев суракка чакырууларга келбеген үчүн мажбурлап алып келүүсүнө мыйзам уруксат берерин айтып, соттон Атамбаевдин кармалуусун мыйзамдуу деп таанып берүүнү өтүнгөн.

Белгилей кетсек, Алмазбек Атамбаев 8-августта Ички иштер министрлигинин атайын операциясынан соң колго түшүп УКМКнын тергөө абагына киргизилген. Сот анын баш коргоо чарасын карап, анын камактагы мөөнөтүн 26-октябрга чейин узартты. Ал бир нече оор кылмыштарга шектелүүдө

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>