Депутат Жанар Акаев Ош шаарынын мэри болуп дайындалды«Кыргызфармация» БУУ механизмдери аркылуу дары-дармектерди сатып алууда 410 млн сом үнөмдөөнү көздөп жатат19-февраль: Өлкөдө күн ачык жана жылуу болотОштун мэри Жеңишбек Токторбаев өз каалоосу менен кызматтан кеттиАкыйкатчынын кийлигишүүсүнөн кийин 4 балалуу энеге 151 миң сом алимент өндүрүлдүЭкономика өсүш менен башталды, бирок баалар да калышпайт. 2026-жылдын январь айынын корутундусу
Бурганактан улам Ош-Бишкек жолу жабылды – видео
01.04.2021 | 16:41
Бурганактан улам Ош-Бишкек жолу жабылды. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын Жалал-Абад облустук бөлүмүнүн басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Ала-Бел ашууларындагы жана Чычкан капчыгайында кардын тынымсыз жаап жана бороон болуп жолдор тыгын болууда. Буга байланыштуу бүгүн, 1-апрелде саат 16:20дан баштап Бишкек – Ош унаа жолунун 272 чакырымында жайгашкан “Арал” стационардык посттунан, Жалал-Абад областтык ЖККК бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан, унаалардын бардык түрүнө убактылуу чектөө киргизилген.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом