Кытайлык Everbeacon компаниясы Кыргызстандын технология тармактарына инвестиция салууга кызыкдарКоопсуздук кеңешинин катчысы ЖККУнун башкы катчысы менен жолугушту – эмнелер талкууландыБатыш БА өлкөлөрүнө ким менен байланыш түзүүнү таңуулоого аракет кылууда — ЛавровКыргызстандын өкмөтү АКШнын EXIM Bank’ы менен кызматташууга кызыкдарПарламент унааларды эвакуациялоо жана айдоочулук укуктан ажыратуу жөнүндө мыйзам долбоорун колдодуУКМК: Акча алып, Орусияда каттоодон чыкпаган унааларды каттаган кызматкерлер аныкталды
Садыр Жапаров абакка кайтарылды
29.08.2019 | 12:33
Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Садыр Жапаров уулун акыркы сапарга узатуу зыйнатына катышкан соң абакка кайтарылды. Бул тууралуу Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын басма сөз катчысы Элеонора Сабатарова билдирди.
Анын айтымында, Жапаров 28-август күнү кечинде Чүйдүн Молдовановка №1 түзөтүү абагына киргизилген.
Садыр Жапаровдун 27 жаштагы уулу Дастан жол кырсыгынан алган оор жаракатынан улам эсине келбей, 26-августта Бишкекте ооруканада каза болгон. Анын тажыйасы 28-август күнү Түп районунун Кең-Суу айылында өткөн.
Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы Садыр Жапаровго каза болгон уулунун тажыясына катышууга уруксат берген.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом