ТИМдин мурдагы башчысы Чыңгыз Айдарбековго айып тагылды – толугураак15-апрелге карата аба ырайыБишкекте Россиянын колдоосу менен курулуп жаткан эң ири мектептин курулушунун жүрүшүнө баа берилдиТокмоктогу мыйзамсыз зоопарк: арстан, аюу жана башка жаныбарлар алындыБаткен шаарында «Айгүл гүлү» эл аралык фестивалы өтөтДепутат Нацстатком кызматкерлеринин айлыгын көтөрүүнү сунуштады
Бишкекте жума намаз жана мечиттердеги ифтарды токтотуп туруу сунушталды
23.04.2021 | 15:08
Бишкек шаарында жума намаз, айт намаз жана мечиттердеги ифтарларды токтотуп туруу сунушталды. Мындай маалыматты “Репортёрго” Муфтияттын басма сөз кызматынан тастыкташты.
Маалыматка ылайык, мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунан калаадагы эпидемиологиялык абалга байланыштуу даават, жума намаз, айт намаз жана мечиттердеги ифтар сыяктуу массалык иш-чараларды убактылуу токтотуп туруу сунушу менен Кыргызстан Мусулмандар дин башкармалыгына кат барган.
“Бизге сунуш менен кат келген. Бүгүнкү күндө ал каралып жатат. Мечиттерде ифтарлар уюштурулбай эле. Ал эми калган сунуштары боюнча биз расмий билдирүү таратабыз”, – деп билдиришти.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом