Кыргызстандын жана Армениянын башчылары сүйлөшүүлөрдү өткөрүштү — эмнелер макулдашылдыАлмаз Насыров: Өздүк технологиялары жок бай кен байлыктар — бул мүмкүнчүлүк эмес, тузакКыргызстандын соттору кагаз түрүндөгү чакыруулардын ордуна SMS-билдирүүлөргө өтөтЭксперт: Кыргызстан жер казынасынан жүз миллиарддаган сом киреше таба алат — бирок стратегиянын жоктугу тоскоол болуудаЧүй облусунун капчыгайында чет элдик жарандын сөөгү табылды – чоо-жайыСадыр Жапаров БА чөлкөмүнүн суу-энергетика тармагында жаңы механизмди сунуштады
Алымкадыр Бейшеналиев Ирактан мекенине кайтып келген балдарга барды
09.05.2021 | 16:19
Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Жылдыз Бакашова жана саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүү министри Алымкадыр Бейшеналиев “Мээрим” гуманитардык миссиясынын алкагында Ирактан мекенине кайтып келген балдарга барышты. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка таянсак, азыр балдар реабилитациядан өтүп жатышат, ага ылайык тиешелүү психологиялык, социалдык жана медициналык кызматтар көрсөтүлөт. Балдардын абалы канааттандырарлык.
“Алар үчүн маданий иш-чаралар уюштурулуп жатат. Учурда документтерди калыбына келтирүү жана алуу боюнча тиешелүү органдар иштеп жатышат. Бардык процедуралар бүткөндөн кийин балдар камкорчуларына өткөрүлүп берилет”, – деген министр.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом