Кара-Сууда заводдон чыккан чаң айылды каптап жатат. Тургундар маселени чечип берүүнү суранышууда«Бишкек Арена» 5-октябрда ачылат: концертке кирүү акысыз билеттер менен болотОрусияда алдын ала маалымат боюнча беш партия Мамлекеттик думага өтүүдө — РФ БШКсынын башчысыАзия оюндары: ММА боюнча эки кыргызстандык спортчу коло медаль утуп, бирөө финалга чыкты21-сентябрга карата өлкөдөгү аба ырайынын божомолуКыргызстанда РФ шайлоосунда Россиянын 2,1 миңден ашык жараны добуш берди
Кабулдагы жардыруудан 53 адам каза болду
10.05.2021 | 09:14
Кабулдун батышындагы мектепте орун алган жардыруудан 53 адам каза болуп, жүз элүүдөн ашыгы жараат алды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.
Маалыматка таянсак, көз жумгандардын көпчүлүгү 11-15 жаштагы өспүрүмдөр. Жардыруу 8-май күнү кечинде болгон.
Tolo News агенттигинин маалыматына таянсак, алгач мекеменин жанында мина орнотулган унаа жарылган, андан соң эки ирет ракета менен аткылоо орун алган.
Мугалимдердин биринин айтымында, кол салуу окуучулар сабактан тараганда орун алган, каза болгондордун көпчүлүгү кыздар.
Ооган президенти Ашраф Гани кол салууга талибдерди айыптаган. Бирок талибдер окуяга тиешеси жок экенин айтып, алар да жардырууну айыптай турганын билдиришти.
Рубрики: Дүйнө, Жаңылыктар